Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Суусаганы басылуу, суусун ичип, чаңкабай турган абалга келүү. Булакты көрсө суу койбой, Анча-мынча булакка, Суусуну канып бир тойбой («Манас»). Мына ошентип мен айылга барарда, Кымыз ичип, чын суусунум канарда (Осмонов). 2. өт. Толук алымсынуу, канааттануу, кумардан чыга ыракаттануу. Кангым келди турмуштун, Суктандырган ойнуна (Токомбаев). Мен ырдасам ырыма, Канып кетер бекенсиң (Барпы). Кулак бышып, көз канып, Күндө көргөн жай турмуш (Элебаев). Калмактын кылган ишине, Кумардан чыгып кандым мен («Эр Табылды»).